• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов: Агроөнөр жай комплексин модернизациялоо иштерин күчөтүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Өлкөбүздү посткризистик абалдан алып чыгууда жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында агроөнөр жай комплексин модернизациялоо иштерин күчөтүү керек. Бул туурасында бүгүн КР премьер-министри Кубатбек Боронов мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусундагы кеңешмеде билдирди.

«Импортту алмаштыруучу продукцияларга көңүл буруп, дыйкан-фермерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыгып, Өкмөттүн кароосуна 10 күндүк мөөнөттө сунушталсын. Эл түшүмдөрүн ала баштады. Бат бузулуучу товарлар чек араларда туруп калбоого тийиш. Дыйкандар үчүн бардык шарттар түзүлүп, логистикалык жайлардын ишин күчөтүү зарыл», - деп билдирди ал.

Мындан тышкары, премьер-министр жайыттар маселесине токтолду. «Жайыттар боюнча Нарында жакшы эмес кырдаал түзүлдү. Жер – мамлекеттики, бардык маселе мыйзам чегинде чечилүүгө тийиш», - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле КР өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга малдын жана мал чарба продукцияларынын кыймылы боюнча иш-чараларды катуу көзөмөлгө алуу жана эт жана эт азыктарын экспорттоо боюнча иштерди уюштурууну жакшыртуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий