• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин коллегиясына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.20. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов КР өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Боронов Бишкектин көйгөйлүү маселелеринин бири экология темасы экенин айтты. Ал борбор калаанын экологиялык жана айлана-чөйрөсүнүн абалын жакшыртууга багытталган комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарыл экенин белгиледи.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ИДП түзүмүндө токой чарба продукцияларынын үлүшү 0,05% түзөт. Аны жок дегенде 1% чейин көтөрүү керек.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр отургузулган көчөттөрдүн өсүү көрсөткүчү төмөн экенин айтып, бак-дарактардын өнүп-өсүүсүн жогорулатуу боюнча чара көрүү тапшырмасын берди.

«Агенттиктин инвестиция тартуу үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташуу боюнча иштеринин жыйынтыгы жок. Мекеме экология чөйрөсүндө тиешелүү деңгээлдеги саясатты жүргүзө албай жатат. Бардык иштер агенттиктин деңгээли менен чектелүүдө, экология саясатын кандайдыр бир өзгөчө кырдаал болгон учурда гана эстейбиз. Былтыр коллегияда Жашыл климаттык фондунун каражаттарын тартуу боюнча иштер жетишсиз экени айтылып, бул багыттагы иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилген. Бирок бүгүнкү күндө биздин мамлекет башка өлкөлөргө салыштырмалуу каражатты аз алууда. Инвестиция тартуу боюнча эл аралык уюмдар, атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктер менен ишти активдештирүү зарыл», - деди ал.

Боронов экологиялык экспертизанын жыйынтыктарын берүүнүн мөөнөтү боюнча нааразылыктарга байланыштуу маселени айтып, агенттикке экологиялык экспертиза боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү үчүн чара көрүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле ал коллегияда өкмөт менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда кол койгон келишимдин алкагында жаратылышты өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн айтып өттү.

«Фонддун мындан аркы иши үчүн экологияны сактоо жана коргоо боюнча долбоорлор үчүн финансылык каражаттарды бөлүү, аны кайтаруу механизмдери жөнүндө жобо сапаттуу иштелип чыгышы керек жана өкмөттүн кароосуна киргизилиши зарыл», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий