• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов: Аймактарда дары-дармектердин запасы көбөйтүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Аймактарда дары-дармектердин запасы көбөйтүлөт. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Бишкек шаарында ооругандардын санынын көптүгүнө байланыштуу ооруканалар ыкчам толуп, стационарларда медицина персоналы жетишпей жатат. Ошондуктан аймактык бийлик коронавирус инфекциясына жана пневмонияга чалдыккандардын санынын мүмкүн болгон өсүшүнө даяр болууга тийиш. Борбор калаада байкалган жагдайдын кайталанышына жол бербөө керек», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы иш жүргүзүүнүн негизги багыттарын аныктады.

«Тажрыйба көрсөткөндөй жөн гана орундар керек эмес. Жер-жерлерде орто жана оор абалдагы бейтаптар үчүн керебет-орундарды даярдоо зарыл. Оорусу жеңил өтүп жаткандар үчүн күндүзгү стационарларды уюштуруу шарт. Ошол эле учурда медицина кызматкерлери маселесин чечүү абзел, анткени ансыз биздин аракеттердин жыйынтыгы болбойт. Учурда Бишкек шаарында тамчылатма ийне саюучу жана зарыл жардам көрсөтүүчү дарыгерлер жана медайымдар жетишпей жатат. Жер-жерлерде ушул маселелердин баары эске алынсын», - деп эскертти Өкмөт башчы.

Премьер-министр аймактарда калктын санына жараша дары-дармектердин запасын толтурууну, жетишпеген учурда токтоосуз түрдө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин Дары-дармектер менен камсыздоо департаментине кайрылууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий