• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Айыл чарбасын өнүктүрүү аймактарды өнүктүрүүнүн локомотиви болушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Айыл чарбасын жана агробизнести өнүктүрүү аймактарды өнүктүрүүнүн локомотиви жана туруктуу өнүгүүнүн өзөгү болушу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 7-июнда, «Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыгы катары агробизнес тармагында кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» темасындагы тегерек үстөлдө билдирди.

Биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов азыркы тапта атамекендик айыл чарбасына мындан аркы өнүгүү максатында бир катар актуалдуу маселелерди чечүү зарылдыгын белгиледи.«Биринчиси – бул майда товардык. 400 миңден ашуун майда жер участкаларга ээлик кылган кожолуктардын пайда болушу майда товардыкка, өндүрүлгөн продукциянын бир өңчөй эместигине алып келди.

Экинчиси - өндүрүлгөн продукцияны сатуу. Продукцияларды алып сатуу рыногунда фермерлердин кызыкчылыктарын басынтуу менен кыйла пайда таап жаткан ортомчу алып сатар уюмдар жаралды.

Үчүнчүсү – бул тастыктоо. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана эскпортоону өнүктүрүүдө продукциянын айрым бөлүгүнүн тастыктоо системасына ылайык эместиги орчундуу жолтоо болууда», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар белгилегендей, рынок атаандаштык менен бирге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет.

«Ошону менен бирге мен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн майда товардык өндүрүш моделинен жогорку продуктивдүү уюшулган жана атаандаштык өнүгүү моделине өтүү позициясын колдойм», - деп белгиледи ал.

Жыйындын катышуучулары айыл чарба жана тамак-аш өндүрүшү Кыргыз Республикасынын экономикасынын маанилүү тармактары жана алар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздандырууда олуттуу роль ойноорун белгилешти.

Тегерек үстөлгө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри, министрликтердин жетекчилери, эл аралык донордук уюмдардын, өнүгүү агенттиктердин, республиканын баардык региондорунан келген агрардык ишкерликтин өкүлдөрү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий