• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын суу агымы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын суу агымы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жаан мелиорация департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүнөкүлдөрү маалымдагандай, Ала-Арча тутумуна байланыштуу жерлерди сугаруу булагы катары Ала-Арча дарыясы саналат. Суу керектөөчүлөр - Аламүдүн, Сокулук райондору жана Бишкек шаары.

«Туш» магистралдык каналынын алдындагы сугат жери -11302 га, анын ичинде Сокулук району – 5559 га, Аламүдүн району - 5743 га.

Ала-Арча дарыясындагы Аламүдүн району боюнча суу алгыч 1,80 м3/с, Сокулук району боюнча 3,0 м3/с, Ала-Арчадарыясына агызып чыгаруу 1,0 м3/с, жалпысынан сууну сарптоо 5,8 м3/с. Синоптиктердин маалыматы боюнча, Ала-Арча дарыясында суунун болушу 10,8 м3/с. 2018-жылы бул көрсөткүч салыштырмалуу 8,92 м3/с түзгөн.

Биринчи вице-премьер-министрге маалымдашкандай, Аламүдүн дарыясынын суу кабыл алуу галереясы оң жээктеги каналга 22,0 м3/с сарптоого эсептелген. Керектөөчүлөрү Аламүдүн районунун жана Бишкек шаарынын жашоочулары. Жалпы аянты - 5 431 га.

Аламүдүн дарыясындагы суу алгыч 4,3 м3/с түзөт, Бишкек шаары - 2,3 м3/с. 2018-жылы «Кыргызгидрометтин» маалыматы боюнча, дарыядагы суу 11,2 м3/с түзсө, 2019-жылы - 9,64 м3/с түздү.

Ушундан улам Кубатбек Боронов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө сугат тутумдарында сууну айлантуу жана түнкүсүн сугаруу тажрыйбасын киргизүүнү тапшырды. Бул суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланууну камсыз кылат.

Ошону менен бирге түзүлгөн жагдай тууралуу калктын жана дыйкандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий