• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов: Ар бир катанын, ар бир туура эмес чечимдин артында адамдын тагдыры турат

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Ар бир катанын, ар бир туура эмес чечиминин артында адамдын тагдыры турат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын жыйынтыгы жана 2020-жылга карата милдеттер боюнча коллегиясынын жүрүшүндө айтты.

Кубатбек Боронов белгилегендей, Каттоо кызматтын артыкчылыктуу багыттарынын бири калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана ишмердүүлүктү стратегиялык пландаштыруу болуп саналат.

«Ведомствонун компетенциясына кирүүчү калкка бардык кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин тартуулаган Калкты тейлөө борборлорун ачуу маселесин чечүү зарыл. Өзгөн районундагы Калкты тейлөө борборунун тажрыйбасы ийгиликтүү болоруна жана республиканын башка Калкты тейлөө борборлорунда колдонуларына ишенем. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын, «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картасын» ишке ашыруунун алкагында коюлган милдеттерди аткарууга өзгөчө көңүл бурулушу керек», - деп баса көрсөттү ал.

Анын айтымында, «Унаа» мамлекеттик мекемесинде тейлөө мамилелерин өзгөртүү керек. Алсак, жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр учурунда тиешелүү шарттарды түзүү максатында унаа ээлери үчүн Калкты тейлөө борборлорун түзүү жана толук кандуу ишке киргизүү механизмдерин жакын арада иштеп чыгуу тапшырылды.

Кубатбек Боронов Мамлекеттик каттоо кызматынын ишмердүүлүгүн сынга алып, эч иш аткарылбаган калк үчүн маанилүү багыттардын бир нечесин белгиледи.

«Алсак, мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүүдө кетирилген каталар жана талаптагыдай контролдоонун жоктугу биометрикалык паспортторду киргизүүдө өлкөнүн кадыр-баркына залакасын тийгизди. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө убакыт кечиктирүүгө жол берилген, анын натыйжасында айдоочулук курам үчүн ыңгайсыз абал жаралган. Мүмкүн болгон тобокелдиктерге алдын ала талдоо жүргүзүп, зарылдыгына жараша маселелерди чечүүнүн альтернативдик варианттарын ойлоштуруу керек», - деди биринчи вице-премьер-министр жана каттоо кызматынын алдына коюлган милдеттенмелерди өз убагында жана сапаттуу аткарууну талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий