• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Боронов: Ар бир курулган жана ремонттолгон ооруканалар бейтаптар үчүн ыңгайлуу болушу шарт

Өкмөт 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Ар бир курулган жана ремонттолгон медициналык мекемелер бейтаптар үчүн ыңгайлуу болушу шарт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Чүй облусуна жасаган жумушчу сапары учурунда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы Токмок шаарындагы 250 адамга эсептелген оорукананын имараты менен таанышты. Мында башталган оңдоо иштери 2020-жылдын август айынын соңунда бүткөрүлөт.

«Коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөш алкагында пайдаланудан чыккан айрым облустук ооруканаларда капиталдык ремонт өткөрүү чечими кабыл алынган. Мындан тышкары, Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында тез курулуучу материалдардан эксперименталдык ооруканалар курулууда. Бардык иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү керек. Мында негизги талап катары ооруканалардын ыңгйлуулугу болуп саналат. Бардык зарыл эсептелген күтүү залы, кабыл алуу блоктору, реанимация, палаталар жана башка бөлүмдөр каралышы керек, медициналык көмөккө кайрылган жарандарга бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүшү шарт», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы ошондой эле Ысык-Ата районунун Кеңеш айылындагы жаңы фельдшердик-акушердик пунктту көрүп чыкты. Имарат алдыңкы техника менен жабдылган. Мында 1 врач жана 2 медайым эмгектенип, күнүнө 30 жакын жергиликтүү калкты кабыл алат. Кубатбек Боронов аларга пандемия учурунда активдүү иш алып баргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, фельдшердик-акушердик пункттардын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу маселеси каралып жаткандыгын билдирди.

Андан соң Премьер-министр Орловка шаарындагы Жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун имаратындагы капиталдык ремонттун жүрүшү менен таанышты, мында иштерди үч жумадан соң жыйынтыктоо пландаштырылууда. Өкмөт башчы тийиштүү ведомстволорго оорукананы зарыл жабдуулар жана тез жардам унаасы менен камсыздоону жана жылытуу маселесин чечип берүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий