• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Боронов: Азык-түлүктөрдүн баасын атайылап көтөргөндөргө катуу чаралар көрүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 15.03.20. /Кабар/. Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз жана атайылап көтөргөндөргө карата өлкө мыйзамдарынын чегинде катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов чукул кеңешмеде айтты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Биз алгачкы күндөн тартып өлкөбүзгө коронавирустун кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча гана эмес, экономикалык туруктуулукту сактоо багытында дагы иштеп жатабыз. Бирок кечээ айрым базарларда азык-түлүк товарларын массалык түрдө сатып алуу жүрдү. Бул коңшу республикада коронавируска чалдыккандар аныкталган алгачкы учурдан жана тамак-аштын жетишсиздигинен коркуу толкунунан

улам чыккан психологиялык факт. Бирок муну жоопкерчиликсиз жана керт башынын камын ойлогон ишкерлер жеке кызыкчылыгында пайдаланып жатышат. Алар үчүн ашыгы менен киреше табуу жарандардын тынч жашоосунан да маанилүү. Ошондуктан учурда тиешелүү мамлекеттик органдар мындай учурларды аныктап жана аларды жоюунун үстүндө иштеп жатышат. Бардык мамлекеттик органдарга, облустук жана райондук жетекчилерге кечээки болгон окуя кайталанбашы үчүн базарларда абалды көзөмөлдөө тапшырмасын бердим. Бааларды атайылап жогору көтөргөндөр үчүн чара көрүлөт, алар мыйзам чегинде катуу жазага тартылышат», - деди Кубатбек Боронов.

Муну менен бирге, биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, өлкө боюнча айыл-чарба жана азык-түлүк продуктуларынын запасы тууралуу ыкчам маалымат алардын жетиштүү экендигин көрсөтүп турат.

«Ошондой эле Экономика министрлигинин, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери соода түйүндөрүндө товарлардын жана азык-түлүктүн наркын негизсиз көтөрбөө, товарлардын жасалма жетишсиздигин уюштурбоо маселелери боюнча «ФРУНЗЕ», «Глобус», «Народный», «АЛМА», «Яр-Марка» жана «Городской базар» сындуу ири соода түйүндөрүнүн кожоюндары менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Учурда өлкө товарлар жана азык-түлүк менен жетиштүү көлөмдө камсыздалган. Айрым учурда баалардын жогорулашын эске албаганда, жалпысынан нарктын дароо көтөрүлгөн учуру жок, болгону айрым продукциянын түшүмү жыйналганга чейин баасынын жогорулашы сезондук мүнөзгө ээ», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Кубатбек Боронов чек араны жабуу тууралуу сөз болбогондугун баса белгиледи.

«Азык-түлүк товарларынын негизги бөлүгү Казакстандан ташылып келет. Бүгүнкү күндө коңшу өлкө менен чек ара ачык. Буудай, ун жана башка азык-түлүк товарларын ташуу үзгүлтүккө учураган жок. Өзүңүздөр билгендей, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул эч кандай чектөө болбой тургандыгын ырастайт», - деп жыйынтыктады Кубатбек Боронов.

Пикир

Оставить комментарий