• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Боронов: Баардыгы бекитилген протоколдорго ылайык дарылоого даяр болсун

Өкмөт 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесин өткөрдү, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Өкмөт башчысы коронавирус инфекциясына кабылган оорулуулардын санын жана илдеттен каза болгондордун көрсөткүчүн кыскартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Учурда оорулуулардын жана илдеттен каза болгондордун көрсөткүчү төмөндөп жаткандыгы байкалууда, бирок айрым аймактарда абал татаал бойдон калууда. Республиканын жалпы аймагы боюнча, анын ичинде жагымдуу эпидемиологиялык абалга ээ болгон райондордо да бардык санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчтөндүрүлүшү зарыл. Көчөдөгү, коомдук жайлардагы жана имараттардагы маска режими, социалдык обочолонуу милдеттүү түрдө сакталышы керек! Калк дагы, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары дагы көзөмөлдү сактап, алдын алуу жана коопсуздук чаралары сакталсын», - деди Кубатбек Боронов.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, россиялык дарыгерлер делегациясынын сунуштамаларына ылайык, «Семетей» обсерваториясынын аймагында лабораториялык кызматты уюштуруу боюнча даярдык иштери башталды.

Кеңешменини күн тартибинде медициналык мекемелерди жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо маселеси каралды.

«Медициналык мекемелерди жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо иши жетишсиз жүргүзүлүүдө. Айылдарда фельдшердик-акушердик пункттар бар, ал жерлерге жеке коргонуу каражаттары жеткириле элек. Мындай болбошу керек. Бардык медициналык мекемелер жеке коргонуу каражаттары менен толук көлөмдө камсыздалышы тийиш. Биз ар-бир районду текшеребиз. Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө болот», - деди ал.

Республикалык штабдын мүчөлөрү ошондой эле медициналык кадрларды даярдоо жана кайрадан даярдоо маселесин карашты.

Белгиленгендей, коронавирус инфекциясы менен ооругандарды диагностикалоо жана дарылоо, инфекциялык көзөмөлдөө, жеке коргонуу каражаттарын туура пайдалануу, лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүү, иммунопрофилактика боюнча көчмө жана аралыктан окутуу курстары үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүүдө. 18 миңден ашуун адис квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү. Учурда алгачкы медико-санитардык кызмат көрсөтүү адистери окуудан өтүүдө.

Премьер-министр Кубатбек Боронов лаборант жана врачтардын кадрлар резервин сапаттуу даярдыктан өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Мейли ал стоматолог, же ортопед болсун, бирок зарыл болгон учурда окуудан өтүп, бекитилген протоколдорго ылайык дарылоого даяр болсун. Алгачкы медико-санитардык кызмат көрсөтүү адистерин жаңы клиникалык протоколдоруна ылайык дарылоого онлайн режимде окутуу ишин күчөтүү зарыл. Протоколдорду туура пайдалануу дана тийиштүү дарылоону камсыздоо абдан маанилүү», - деди Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий