• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Боронов: Банктар айыл чарбасын каржылоого багытталган программаларды элге жеткиликтүү тилде түшүндүрүү керек

Өкмөт 0

Бишкек, 12.09.20. /Кабар/. Финансылык уюмдар аймактарды өнүктүрүүгө, айыл чарбасын каржылоого багытталган мамлекеттик программаларды элге жеткиликтүү тилде түшүндүрүү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарында Аксы районунун Кербен шаарындагы «РСК Банкынын» өкүлчүлүгүнүн ишин күтүүсүздөн текшерип барган учурда билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Банктын имаратынын алдында турган тактачада мамлекеттик программаларды каржылоонун жол-жобосу так, түшүнүктүү жазылып туруш керек. Бул иштер банктын филиалында жетиштүү деңгээлде аткарылган эмес. Жөнөкөй жаран банкка келип, мисалы, «Айыл чарбасын каржылоо - 8» программасынын алкагында берилүүчү насыя алайын десе, кайсы документтерди топтоо керектиги боюнча элементардык маалымат көрүнбөйт. Ушундай майда нерселер жарандардын нааразычылыгын жаратат», - деди Өкмөт башчы.

Ошондой эле Премьер-министр кеңседеги санариптештирүү багытындагы иштерге карата сын айтты.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен жарандарга кызмат көрсөтүүлөрдү алуусуна шарт түзүү үчүн санариптештирүү саясаты активдүү жүрүүдө. Бюрократияны азайтуу, коррупцияны алдын алуу боюнча аракеттерди көрүп жатабыз, жетекчилерден бул боюнча маалымат алганыбызда баары жакшы дешет. Бирок күтүүсүздөн текшере келгенде кемчиликтер чыгууда», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министрдин айтымында, мамлекеттик программалардын алкагында насыя алуучулардан талап кылуунучу документтердин үчөөсү гана кагаз түрүндө, калгандары «Түндүк» электрондук мекемелер аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынат.

Өкмөт башчы бул шарттарды банкка келген насыя алуучуларга так түшүндүрүү зарыл экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий