• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Боронов: Бардык шайлоо участокторунда санитардык-эпидемиологиялык ченемдер сакталышы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Бардык шайлоо участокторунда санитардык-эпидемиологиялык ченемдер сакталышы керек. Бул туурасында КР Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинде билдирди.

«Шайлоо күнү шайлоо участокторуна көп сандагы адамдар келет. Ошондуктан жарандар тарабынан бардык санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын көзөмөлгө алуу керек. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымдагандай, бардык участокторго шайлоочулардын санына жараша дезинфекциялык каражаттар жана медициналык бет каптар жеткирилген. Жалпысынан 3,5 млн медициналык бет кап жеткирилген. Шайлоочу, же шайлоо комиссиянын мүчөсү болсун, ар бири санитардык талаптарды аткаруусу керек. Ошондой эле дезинфекциялык каражаттар боюнча маселе жаралбашы тийиш», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы эскерткендей, шайлоодон бир күн өткөн соң, кенже класстардын окуучулары үчүн окуу процесси жандандырылат.

«Жалпыбызга маалым болгондой, көптөгөн шайлоо участоктору мектептерде жайгашкан. Муну эске алуу менен, окуу процессин 6-октябрдан тарта, башкача айтканда, шайлоодон бир күн өткөндөн кийин жандандыруу чечими кабыл алынган. 5-октябрда ар бир мектепте, өзгөчө, шайлоо участогу жайгашкан билим берүү мекемелеринде дезинфекциялык иштер тыкыр аткарылат. Биз балдарды COVID-19 илдетинен коргошубуз керек», - деп белгиледи Премьер-министр.

Кубатбек Боронов билдиргендей, бардык жалпы билим берүү окуу жайлары Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан алгоритм боюнча иш алып баруусу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий