• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Боронов: Бир дагы адам квалифицикациялуу медициналык жардамсыз калбашы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. COVID-19 пандемиясы шартындагы биздин артыкчылыктуу багыттарыбыз – жарандардын ден-соолугу жана өмүрү болуп саналат. Бир дагы бейтап квалифицикациялуу медициналык жардамысыз калбашы керек. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов республиканын медициналык мекеме жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Өкмөт башчы белгилегендей, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерде коронавирустук инфекцияны жуктуруп алуу учурлары көбөйүп жаткандыгы байкалууда.

«Кыргыз Республикасында учурда абал жөнөкөй эмес, айрым райондордо вирус такстыкталган учурлар жогорулап жатат. Пандемия атамекендик саламаттык сактоо тутумундагы бир катар олуттуу көйгөйлөрдү ачыктады, медициналык тез жардам станциялары менен стационардык медициналык мекемелер ортосунда карама-каршылыктар байкалып жатты. Ар кандай себептер менен ооруканалар бейтаптарды кабыл албай, адамдар медициналык жардам ала албай оорукананын оозунда калган учурларга күбө болдук. Мындан ары андайга жол берилбеши керек. Бир дагы адам квалифицикациялуу медициналык жардамсыз калбашы керек», – деди премьер-министр.

Кубатбек Боронов профилинен көзкарандысыз түрдө медициналык тез жардам станциялары жана башка медициналык мекемелер ортосундагы натыйжалуу өз-ара аракеттешүүүнү жөнгө салууну тапшырды.

«Медициналык тез жардам станцияларынын диспетчерлери онлайн режимде көзөмөл жүргүзүп, кайсы ооруканада канча бош палата жана орун бар экендигин так билиши зарыл, ал эми тез жардам бригадасы бейтапты кайда жайгаштыраарын билиши абзел. Мында бардык ооруканалар жана медициналык мекемелер милдеттүү түрдө тез жардам линиясы аркылуу жеткирилген оорулууларды кабыл алышы жана тийиштүү көмөк көрсөтүүсү зарыл. Дагы бир ирет кайталап кететм, ооруканалар эшигин ачпастан, бейтаптарды кабыл албаган учурлар мындан ары кайталанбашы керек», – деп белгиледи өкмөт башчы.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Бишкек шаардык медициналык мекемелеринин биринде көп тармактуу күнү-түнү иш алып барган Медициналык тез жардам станциясынын ооруканасын түзүүнү тапшырды, анда бейтапка ыкчам тартипте көмөк көрсөтүп, дартын аныктап, андан соң тармактык мекемеге жөнөтүүнү тапшырды.

«Бул маселе чечилгиче, ар бир медициналык мекемеде кабыл алуу бөлүмүн ыкчам тартипте ачууну жана аны тийиштүү сандагы адистер менен камсыздоону тапшырам», – деди премьер-министр.

Өкмөт башчы белгилегендей, учурда коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү – саламаттык сактоо тутумунун негизги милдети болуп саналат, бирок бул башка оорулуулар адистештерилген медициналык көмөктөн сыртта калат дегенди түшүндүрбөйт.

«Бардык медициналык кызматкерлерге COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө жана кыйын кырдаалда адамдарды дарылоодо көрсөткөн көмөгү үчүн ыразычылык билдирем. Ар бир адис адамдардын өмүрү жана ден-соолугу үчүн зор салымын кошту. Коронавирустук инфекция пандемиясы көйгөйлүү тилкелерди көрсөттү. Бирок медициналык кызматкерлердин берилүү менен жана ырааттуу иш алып баруусуна жараша кыска мөөнөттө, дээрлик үч жумада абалды көзөмөлгө алууга мүмкүн болду», – деди Кубатбек Боронов.

Жыйынтыгында Өкмөт башчы саламаттык сактиоо тутуму 1991-жылдан тарта айрым өзгөрүүлөргө дуушар болгондугун билдирди.

«Биздин максатыбыз – жарандарга сапаттуу, адискөй медициналык көмөк көрсөтчү саламаттык сактоо тутумун түзүү, мында оорулардын алдын алууга басым жасалмакчы. Дал ушул алдын алуу жана профилактика маселесине көбүрөөк көңүл буруу керек», – деди ал.

Кеңешменин жүрүшүндө медициналык тез жардам бригадаларынын ишин өркүндөтүү жана заманбап технологиялардын жардамы аркылуу медициналык мекемелер аралык өз-ара аракеттешүү натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча план тартууланды.

Кеңешменин катышуучулары пандемия жана COVID-19 боюнча абалдын курчушу ыктымалдыгын эске алуу менен өлкөнүн шаар жана аймактарында саламатык сактоо тутумунун ишин жакшыртууга багытталган бир катар чараларды сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий