• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов: Бир дагы мамлекеттик долбоор токтотулбайт

Экономика 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында суроолорго жооп берип жатып, бир дагы мамлекеттик долбоор өз ишин токтотпой тургандыгын билдирди.

ЖМК өкүлдөрү өлкөдөгү олуттуу экономикалык жоготууларга алып келген коронавируска байланыштуу кырдаалда, айрым долбоорлордун кыскартылуусун же токтотулушун күтүүгө болобу деген суроо узатышты.

“Пандемия качан аяктарын айтуу кыйын. Балким буга бир жыл кетет, а балким бир ай. Биз мүмкүн капиталдык жана башка салымдарды жылдырабыз, бирок мен ойломун бир дагы долбоор токтобойт. Мүмкүн алардын мөөнөттөрү жылдырылат, бирок долбоорлорду ишке ашыруу улантылат”, - деп билдирди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий