• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Боронов: Бишкек жана Ош шаарларында ишке тартылып, бирок шаардын сыртында жашаган кызматкерлерге аныктамалар керектелет

Коом 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларында ишке тартылып, бирок шаардын сыртында жашаган кызматкерлерге аныктамалар керектелет. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

“Ишмердүүлүгүнө уруксат берилгендер үчүн – шаар ичинде жылып жүрүүгө ишкананын катталган жери боюнча Мамлекеттик салык кызматында тастыкталган аныктамасы керек. Мында салык кызматында көп адамдын топтолушун болтурбоого жумуш берүүчү муну тизме боюнча өзү ишке ашырышы туура болот. Бул маселени мэрия менен биргеликте иштеп чыгуу зарыл”, - деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Эске сала кетсек, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май 24.00дө аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет.

Өкмөт тарабынан COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Ага ылайык, 1-майдан тартып айрымдары өз иштерин кайрадан баштады.

Пикир

Оставить комментарий