• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов: Бишкекте эмгек өргүүдөгү 235 медицина кызматкери ишке чакыртылды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Бишкек шаары боюнча эмгек өргүүдөгү 235 медицина кызматкери ишке чакыртылды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, эмгек өргүүдө жүргөн медициналык кызматкерлерди ишке чакыртууну тездетүү боюнча тапшырмалар берилген.

"Учурдагы кадрдык тартыштык боюнча бир нече ирет маселе көтөрүлгөн. Медициналык билими бар, бирок иштебей жүргөн жарандарды Саламаттык сактоо министрлигине келип, контракттын негизинде ишке орношууга чакырганбыз. Алардын айлык акылары тиешелүү негизде төлөнөт, учурда бул багытта да иштер жүргүзүлүүдө", - дейт ал.

Өкмөт башчы өз сөзүндө эмгек өргүүдө жүргөн медиктерди мажбурлап ишке чакыртуу маселеси жок экендигин айтты.

"Өргүүдө жүргөн медиктерди түшүндүрүү жолу менен ишке чакырып жатабыз. Бишкек шаары боюнча медициналык мекемелерге эмгек өргүүдө жүргөн 235 медкызматкер чакыртылды. Анын ичинен: дарыгер - 88, орто медперсонал - 104, кенже медперсонал - 24, лаборант, эпидемиолог жана башкалар - 19", - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий