• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов: Бишкектеги конуштардын бардыгы газ менен камсыздалышы керек

Коом 0

Бишкек, 12.12.19./Кабар/. Бишкек шаарындагы бардык 47 конушка газ киргизилиш керек. Бул абанын булганышын алдын алуунун бирден-бир чарасы. Бул тууралуу КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкек шаарынын экологиялык абалы талкууланган отурумда билдирди.

"Бишкек шаарында автотранспорт каражаттарынын көптүгү абаны булганышына алып келүүдө. КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы республика боюнча 1 миллион 211 миң автоунаа катталган, анын 426 миң 241и Бишкек шаарында. Ошондой эле Бишкек шаарындагы калктуу конуштар жылытуу мезгилинде көмүр колдонгону дагы абанын булганышына алып келүүдө. Буга байланыштуу борбор шаардын конуштарын толугу менен газдаштыруу мезгил талабы".

Отурумда КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Мирслав Аманкулов Бишкек шаарында абанын булганышы белгиленген чектен ашпагандыгы тууралуу маалыматты айтты.

"Бишкек шаарында абадагы зыяндуу заттар атайын орнотулган байкоочу жабдыктар аркылуу аныкталып турат. Айрымдар айтып жаткандай, борбор калаада экологиялык каатчылык жок. Биз курчап турган чөйрөнү зыяндуу заттардан сактоо боюнча Өкмөт тараптан бекитилген комплекстүү иш-чараларды аткаруудабыз. Зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышын алдын алууда электромобилдерди жана гибриддик автоунааларды сатып алуу үчүн жарандарга стимул берүү боюнча иштер жүрүүдө. Азыр мындай автотранспорт каражаттарын массалык түрдө сатып алынбаса дагы, калк кызыга баштады. КР премьер-министри тиешелүү мамлекеттик органдарга электромобилдер үчүн инфраструктуралык шарттарды түзүү, башкача айтканда, аларды кубаттай турган жайлар боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасын берген. Бул багытта мамлекеттик тармактык органдар иш алып барууда", - деди Мирслав Аманкулов.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экологиялык абал боюнча иштелип чыккан комплекстүү иш-чаралардын аткарылышы боюнча Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов дагы маалымат берди.

"Абанын булганышын алдын алуу максатында быйыл бак-дарактын 9 миң көчөтүн отургуздук. 2020-жылы анын санын 20 миңге жеткирүүнү пландадык. Ошондой эле 200 даана электробус алуу боюнча меморандумга кол коюлду. Мэриянын тийиштүү кызматтары мончолорду байма-бай текшерүүдө. Анткени мончо ээлеринин арасында унаалардын жарабай калган дөңгөлөктөрүн жаккандары дагы жок эмес", - деди Бишкек шаарынын мэри.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тиешелүү мамлекеттик органдарга "Газпром Кыргызстан" компаниясы менен биргеликте Бишкек шаарынын четинде жана анын тегерегинде жайгашкан турак үйлөрдү газдаштыруу боюнча иштерди активдештирүүнү камсыздоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий