• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов Бишкектин эпидемиологиялык абалы боюнча жыйын өткөрдү

COVID - 19 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов шаардын эпидемиологиялык абалы боюнча Бишкек мэриясынын жетекчилиги менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кубатбек Боронов шаарда түзүлгөн кырдаал тынчсыздандырып жана коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылып жатканын белгиледи.

«Шаарда күнүгө вирусту жуктургандар аныкталууда, ошол эле учурда илдет менен ооругандардын көпчүлүгүнүн инфекцияны кайдан жугузганы белгисиз. Калаада экономиканын дээрлик бардык тармактарында иш жанданып, коомдук транспорттор, ири базарлар жана соода аянттары иштеп жаткан кырдаалда вирустун жайылышын алдын алуу мүмкүн болбой калышы ыктымал. Ошондуктан абалды турукташтырып, иштөө ыкманы белгилүү бир деңгээлде алмаштыра турган иш-чараларды кабыл алуу зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

Шаардык түзүмдөрдүн өкүлдөрү дезинфекциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, коомдук жайларда, короолордо санитардык талаптардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн рейддер жана тургундар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолор тууралуу маалымат беришти.

Алардын айтымында, жума сайын ири базарларды санитардык тазалоого жана дезинфекциялоого жабуу, коронавирус инфекциясына карата тесттерди өткөрүү маселесин кароо, ишкерлик субьекттер менен коомдук жайларга (мончо, бассейн, спортзал) барган жактардын эсебин жүргүзүү маселесин иштеп чыгуу, коомдук транспорт, базарлардын жана коомдук тамактануу түйүндөрүнүн кызматкерлери арасында оорунун алдын алуу иретинде скринингдик лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүү сунушталууда.

Биринчи вице-премьер-министр муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин, турак-жай менчик ээлеринин башчыларынын COVID-19 дартынын белгилерин алып жүргөн тургундар тууралуу маалымат берүү ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Жарандарды сасык тумоодон вакцинациялоо боюнча маселени иштеп чыгуу, калк арасында коронавирустун жаңы толкуну ыктымал экендиги жана иммунитетти чыңдоо, маска кийүү, обочолонууну сактоо зарылдыгы тууралуу кеңири маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүү зарыл.Инфекциянын жугушун максималдуу түрдө азайтуу керек, өзгөчө коомдук жайларда», - деди Кубатбек Боронов.

Пикир

Оставить комментарий