• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Биз пайда алып келбеген акционердик коомдордон кутулушубуз керек

Коом 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Биз пайда алып келбеген акционердик коомдордон кутулушубуз керек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Маалымат жыйында ага мамлекеттин карамагындагы чыгашалуу ишканалар боюнча “сиз 52 акционердик коомдун ичинен 19у мамлекетке эч кандай пайда алып келбейт деп айткансыз. Мамлекеттик менчиктеги айрым объекттерди сатуу пландалып жатабы?”, - деген суроо узатылды.

“Сөзсүз оптимизация болот. Сата турганын сатып, реорганизация кыла турганын реорганизация кылабыз. Кээ бирөөсү боюнча балким башка жолдор каралат. Алар боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тапшырма берилген. Жакынкы күндөрү алар өзүнүн сунушун берет. Биз пайда алып келбеген акционердик коомдордон кутулушубуз керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий