• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов: Биз санариптик технологияны киргизүүдө Борбордук Азияда биринчи болушубуз керек

Коом 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Биз санариптик технологияны киргизүү боюнча Борбордук Азияда биринчи болушубуз керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн уюштурулган "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз-ара аракеттешүү системасы аркылуу электрондук башкаруу" темасындагы семинарда билдирди.

Боронов семинарга келбеген мамлекеттик органдардын жетекчилерине нааразы болуп, аларга карата чара көрүлүүсүн талап кыларын белгиледи.

Биринчи вице-премьер Кыргызстанда мамлекеттик органдардын жетекчилери санариптешүү тууралуу түшүнүгү болбосо бул багыттагы долбоорду ишке ашыруу ийгиликсиз болорун айтты.

“Биз сиздердин жумушуңар көп экенин түшүнөбүз. Бирок бул маселе өлкөбүздөгү маанилүү маселелердин бири. Президент берген тапшырма боюнча биздин мамлекет санариптештирүү боюнча аймакта биринчи болушубуз зарыл”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 14-декабрда Кыргызстанда санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында Сооронбай Жэнбеков өкмөткө санариптештирүү иштерин күчөтүүнү тапшырган. Кубатбек Боронов бул иштин жетекчилигине дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий