• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Биздин эсептөөлөр боюнча 30-апрелге карата 770 адам коронавирус жуктуруп алууусу мүмкүн болчу

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Биздин буга чейин жүргүзгөн анализдин негизинде 2020-жылдын 30-апрелине карата Кыргызстанда 770 адам коронавирус жуктуруп алууусу мүмкүн болчу. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, эсептөөлөр Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун методикасынын негизинде өлкөдө болуп жаткан көрүнүшкө анализ жүргүзүүнүн алкагында эсептелип чыккан.

"Биздин эсеп боюнча 30-апрелге Кыргызстанда 770 оорулуу, башкача айтканда, ушул сандын тегерегинде бейтап болушу керек болчу. Өзүңүздөргө маалым болгондой, 29-апрелге карата 729 адамга коронавирус жуккан. Биз жасаган эсептин негизинде иш алып баруудабыз", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, 29-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 729ге жетти. Алардын ичинен 191и медицина кызматкери. Илдеттен 437 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий