• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Боронов: Биздин максат – мекендештердин өмүрүн сактоо жана өлүмдүн санын азайтуу

Өкмөт 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Биздин негизги максат – мекендештердин өмүрүн сактоо жана өлүмдүн санын азайтуу. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Ал өлкөдө 30-июль коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарына арналган Улуттук аза күтүү күнү экенин белгиледи.

«Ар бир адамдын өмүрү биз үчүн – баалуу, ал эми ар бир өлүм – бул трагедия жана жүрөктөгү жарат... Биз өлүмдүн санын азайтуу үчүн болгон күч-аркетибизди жумшашыбыз керек», - деди Өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланды.

«Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында ооруп жаткандардын көрсөткүчү жогору. Буга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү керек. Учурда жаңы ооруканаларды куруу жана өлкө аймактарында колдонулбай турган имараттардын багытын өзгөртүп, медициналык мекмеге ыңгайлаштыруу боюнча иштер жүрүүдө. Ошол эле учурда эксплуатацияга бериле турган ооруканалар менен бейтапканаларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча жумуштарды жасоо зарыл. Алардын өз учурунда көрсөткөн көмөгүнөн бейтаптын кийинки ал-абалы жана таза айыгып чыгышы көз-каранды. Мындан тышкары, Дары-дармек менен камсыздоо департаменти үзгүлтүксүз негизде аймактардын, ар-бир алыскы айылдын тийиштүү медикаменттер жана жабдуулар менен камсыздалышын көзөмөлдөшү зарыл. Тез жардам кызматы кайрылууларга өз учурунда көңүл бурушу керек, алар келбей жана көмөк көрсөтпөй калган учурлар болбошу керек», - деди Кубатбек Боронов.

Штабдын кеңешмесинин жүрүшүндө күндүзгү стационарлардын иши тууралуу маселе талкууланды. Тактап айтканда, Бишкек шаарында медициналык кадр ресурсун натыйжалуу пайдалануу жана оптималдаштыруу максатында айрым пункттардын иштөөсү каралууда. Зарылдык туулган учурда стационарлар өз ишин кайрадан баштоого даяр болушат. Түнкү стационарлар ишин улантат.

Тармактык мамлекеттик органдарга медициналык кызматкерлердин айлык акысын жана компенсациясын өз мөөнөтүндө төлөп берүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жеке коргонуу каражаттарын жана башка зарыл жабдууларды жана дарылоо каражаттарын өндүрүүчү атамекендик ишканаларга көмөк көрсөтүү ишин күчөтүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий