• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Бизнести колдоо - экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүүнүн негизин түзөт

Өкмөт 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Бизнести колдоо боюнча кошумча чаралар көрүлбөсө жана экономиканы керектүү финансылык ресурстар менен камсыз кылбасак, экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

«Өкмөт насыянын негизги суммасын кайтаруу боюнча мөөнөтүн 3 айга узартуу (пролонгациялоо) жөнүндө чечим кабыл алган. Бирок азыркы шартта бул жетишсиз деп ойлойбуз. Жагдайга жараша насыяны кайтаруу мөөнөтүн дагы кеңейтүүнү зарыл деп эсептейбиз. Мындай чараларды калк үчүн керектөөчү жана ипотекалык насыяларга дагы колдонуу туура болот. Учурда бул механизмдер каралып жатат», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Премьер-министр белгилегендей, бизнести жеңилдетилген насыялоо программасына 14 млрд сом каралган.

«Бүгүнкү күндө Программанын алкагында коммерциялык банктарга ишкердик субъектилерге жеңилдетилген кредит берүү үчүн 4,2 млрд сом бөлүндү. Анын 2,2 млрд сому Финансы министрлиги тарабынан, Улуттук банктын кредиттик аукциондору аркылуу 2 млрд сом ишкерликти колдоого бөлүндү», - деп кошумчалады Өкмөт башчы.

Өкмөттүн антикризисттик планынsy алкагында 10 коммерциялык банк бизнести жеңилдетилген насыялоо боюнча иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий