• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Бизнести өнүктүрүү үчүн кредит берүү процессин жөнөкөйлөштүрүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Кредит берүү процессин жөнөкөйлөштүрүү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бизнести колдоого багытталган бирден-бир кадамы. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов мамлекеттик банктардын ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча кеңешмеде айтты, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Үстүбүздөгү жылдын 5 айында коммерциялык банктар тарабынан жалпы суммасы 40,3 млрд сомго кредит берилген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 10,8 млрд сомго аз. Кредит берүү көлөмүн кыскаруу себептеринин бири коронавирус инфекциясынын кесепеттери болуп саналат. Ошону менен бирге коммерциялык банктардан кредит алуу процедураларынын татаалдыгын белгилей кетүү керек. Бир катар бюрократиялык тоскоолдуктар бар. Документтерди топтоп жүрүп карыз алуучунун каалоосу жоголот», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр чакан жана орто бизнеске 14 млрд сом өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүү каралган «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасы ишке киргизилгенин эске салды.

«Биз бул программаны COVID-19 пандемиясынан жабыркаган бизнеске жардам көрсөтүү үчүн бекиттик. Эл аралык финансы институттарынын да, республикалык бюджеттен да каражаттар тартылууда. Жакында 1,3 млрд сомго аукцион өттү. Жакын арада дагы бир аукцион өтөт. Ага мүмкүн болушунча көп коммерциялык банктар катышуусу зарыл», - деп баса белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы «Айыл чарбасын каржылоо – 8» программасына токтолду.

«Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылдыг 25-июнуна карата 7 коммерциялык банк тарабынан жалпы суммасы 3,3 млрд сомго 6631 кредит берилген. Кредиттердин негизги бөлүгү жазында дыйкандар каражатка муктаж учурда берилген. Бирок биз көрүп тургандай, пландын жарымынан көбүрөөк бөлүгү аткарылды. Албетте, жазында карантин жарыяланган, бирок, кредит берүү көлөмүнүн кыскаруусу банктардын карыз алуучуларга карата талаптарынын жогорулашына байланыштуу деп эсептейм», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Табл. Маалымдама

млн. сом

Банктын аталышы

2020. карата план

Жалпы берилгени

Саны

Суммасы

Бардык банктар боюнча

6 200,0

6 631

3 380,8

«Айыл Банк» ААК

2 800,0

2 373

1 449,2

«РСК Банк» ААК

2 800,0

3 047

1 607,9

«КИКБ» ЖЧК

100,0

95

78,0

«Банк Бай тушум» ААК

50,0

16

3,9

«Бакай Банк» ААК

300,0

290

120,8

«Оптима Банк» ААК

100,0

724

100,0

«КБ КЫРГЫЗСТАН» ААК

50,0

86

21,0

«Биздин аракеттерибиздин баары карапайым жарандарга көмөк көрсөтүүгө багытталган. «Айыл чарбасын каржылоо» программасы ишкердик субъекттерге кредит берүү программасы сыяктуу эле калк үчүн жеткиликтүү болушу керек. Адистер пайыздык коюмдар өтө төмөн дешүүдө. Андай болсо, кредит алуу процедурасын жөнөкөлөштүрүү зарыл. Биз эки жылдан бери санариптештирүү тууралуу айтып келе жатабыз. «Түндүк» системасы киргизилип, анда 62 мамлекеттик орган өз ара иштешет. Коммерциялык банктар бул системага кошулуп, жарандарга кредиттик линия алуу үчүн зарыл документтерди топтоо процессин жеңилдете турган убакыт келди. Менимче, кредит алуу үчүн карыз алуучу 2-3 негизги документти, анын ичинде кредит алууга арыз жана бизнес-долбоорду көрсөтсө болот. Калган документтерди алар үчүн банктар мамлекеттик органдар жана башк банктар менен өз ара тыгыз аракеттешүүдө чогултуулары керек. Ар түрдүү мамлекеттик түзүмдөрдүн, финансы институттарынын жана калктын санариптештирүүнүн алкагындагы өз ара аракеттенүү системасын жакшыртуу зарыл», - деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

Премьер-министр Кубатбек Боронов эки жумалык мөөнөттө кредит алуу процедураларын жөнөкөйлөштүрүү боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий