• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Боронов: Бош орундар тууралуу маалыматтарды саат сайын жаңылап туруу керек

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Бош орундар тууралуу маалыматтарды саат сайын жаңылап туруу керек. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов тиешелүү системаны мүмкүн болушунча тезинен киргизүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Учурда тез жардам кызматынан тышкары, бейтаптарды медицина мекемелерине жеке унаалар менен алып келишүүдө. Кээде ооруканаларда бош орундар жок болуп калган учурлар кездешүүдө. Ушундан улам жарандардын нааразычылыгы келип чыгууда. Мындай шартта кандайдыр бир эсептөө жүргүзүү кыйын экендигин түшүнүп турам, бирок зарыл болуп жатат. Бош орундар тууралуу маалыматтарды саат сайын жаңылап туруу керек. Бул дарыгерлерге дагы, ооруга чалдыккандарга дагы жеңилдик алып келет. Алар орун издеп бир нече оорукананы кыдырышпайт», - деп баса белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы жыйындын катышуучуларынын көңүлүн жеке менчик медицина мекемелеринин кызматтарынын жеткиликтүү болушу үчүн шарттарды түзүү зарылдыгына бурду.

«Учурда көптөр компьютердик томография жасатышы керек болуп жатат. Бишкекте 8 жерде жасашат. Бул кызматтардын баасына мониторинг жүргүзүп, суроо-талап жогору болуп жатканда жеке менчик клиникалар тейлөө баасын жогорулатпоосуна көзөмөл кылуу керек. Бул дарылардын баасына да тийиштүү. Күн сайын жарандар муктаж болгон медициналык дары-дармектердин баасын көзөмөлдөп туруу шарт. Жабдуулар тууралуу айтсак, бул маселени кадамдуу чечип жатабыз. Бүгүн кычкылтек концентраттарынын дагы бир партиясынын келиши күтүлүүдө. Жума күнү дагы бир партия келет. Алып келинген медицина жабдууларынын бардыгы аймактар боюнча да бөлүштүрүлүшү кажет», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Премьер-министр медициналык тез жардам кызматынын ишин күчөтүүнү, ошондой эле күндүзгү стационарларды бардык зарыл нерселер менен максималдуу түрдө камсыздоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий