• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов: Брекзиттен кийин Улуу Британия менен жаңы макулдашууну түзүүгө даярбыз

Өкмөт 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Биз Брекзиттен кийин Улуу Британия менен жаңы эки тараптуу макулдашууну түзүүгө даярбыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Лондон шаарында өткөн Кыргыз-британ инвестициялык форумунда билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кыргыз-британ мамилелеринин динамикасын жогору баалап, Улуу Британиянын үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоодон кийин түзүлө турган кийинки өкмөтүн кыргыз тараптын эки жактуу алакаларды өнүктүрүүдөгү жаңы демге умтулуусун колдоого жана келерки жылдын жазында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри баштаган делегациясын кабыл алууга чакырды.

Кубатбек Боронов өз билдирүүсүндө мындай деди: «Биз достош Бириккен Королдуктагы окуяларга дыкаттык менен көз салып турабыз. Үч жыл мурда референдумда билдирилген британ элинин тандоосун сыйлайбыз жана Улуу Британия Европа биримдигинен чыккан соң мындан аркы соода жана экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жолун аныктаган жаңы макулдашуунун түзүлүшүн күтөбүз».

Кийинки аптада Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсаловду Улуу Британиянын Королевасы Елизаветы II кабыл аларын белгилеген Кубатбек Боронов Улуу Даражалууга кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жылуу каалоо-тилектерди жолдоду.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Чарльз Гаретти ага Британия Империясы Орденинин Офицер даражасы ыйгарылышы менен куттуктап, ишине ийгилик, үй-бүлөсүнүн кыргыз жерине ийгиликтүү жетип алышын каалады.

Пикир

Оставить комментарий