• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Боронов: Быйыл 79 ведомствонун ортосунда 37,8 млн маалымат алмашуу онлайн жүргөн

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Быйыл 79 ведомствонун ортосунда 37,8 млн маалымат алмашуу онлайн жүргөн. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, президенттин жарлыгына ылайык, "Санарип Кыргызстан – 2019-2023" концепциясын ишке ашыруунун алкагында “Түндүк” ведомстволор аралык системасы иштеп баштаган. Анда тейлөөчү 631 электрондук сервис иштейт.

"2020-жылдын ичинде 79 ведомствонун ортосунда 37,8 млн маалымат алмашуу жүргөн, ал эми мамлекеттин бизнеске карата маалыматтары боюнча 49,2 млн транзакция жасалган. Бул жарандарыбызга 37,8 млн жолу, бизнеске тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүүдө 49,2 млн жолу кандайдыр бир справка же маалымат үчүн дегенди билдирет. Быйыл электрондук кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн мамлекеттик порталынын модернизацияланган жаңы версиясы ишке киргизилди", - дейт ал.

Боронов жаңы порталда 51 мамлекеттик кызмат көрсөтүү ишке ашырылганын айтат.

Пикир

Оставить комментарий