• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов: Быйыл жалпы 60 мектептин курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Быйыл жыл ичинде жалпы 60 мектептин курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, быйыл республикалык бюджеттен капиталдык салымдар беренеси боюнча 97 мектептин курулушна 958 млн сом каралган.

"Анын ичинен Каржы министрлиги тарабынан 748,5 млн сом бөлүнүп берилген. Андан тышкары 1-сентябрга карата Бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектеп жана кошумча корпустарды курууга 395 млн сом бөлүнүп берилген. Алардын ичинен курулушу аяктап калган 3 объектке 110,9 млн сом берилген. Аларды октябрь-ноябрь айларында пайдаланууга берүү пландалууда. Быйыл сентябрь айында тизмедеги бардык объекттерге дагы 238 млн сом кошумча карап бердик. Сауд өнүктүрүү фондунун насыясынын эсебинен 27 мектептин курулушуна 30 млн доллар каралган. 2019-жылдан бери 27 мектептин курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен жыл аягына чейин 4 мектеп курулуп бүткөрүлөт. Жалпысынан быйыл жыл ичинде 60 мектептин курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлөт. Республикалык бюджеттин эсебинен 53 мектеп бүткөрүлөт. Бүгүнкү күнгө чейин алардын 14ү бүткөрүлдү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий