• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Быйыл жарым жылда Кыргызстандын ИДПсы 228,3 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Быйыл жарым жылда Кыргызстандын ИДПсы 228,3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, өлкө экономикасы 5,3%га төмөндөгөн.

"Кумтөрдү" кошпогондо өнөр жайыбыз 8%га кыскарды. Инфляция 3%ды түздү. Ошондой болсо да өкмөт бардык каражаттарды максаттуу, үнөмдүү пайдалануунун үстүндө. Биринчи кезекте мамлекеттин бюджетинде корголгон беренелер толук түрдө төлөнүп жатат: пенсия, жөлөкпул, айлык акы, ден соолугуна байланыштуу социалдык төлөмдөр, кошумча айлыктар, балага сүйүнчү ж.б. төлөмдөр", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий