• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Боронов Чүй облусунун айыл чарба субьектилеринин жазгы талаа иштерине даярдыгы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Быйыл жазгы талаа иштери былтыркы жылга караганда эрте башталды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусунун айыл чарба субьектилеринин жазгы талаа иштерине даярдыгынын жүрүшү жана ирригациялык системалардын абалы менен таанышкан учурда билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр билдиргендей, өкмөттүн тапшырмасынын алкагында жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча штабдын отуруму өтүп, анда жазгы айдап себүү, оруп-жыюу, сугат мезгилине даярдык көрүү боюнча алгылыктуу тапшырмалар берилген.

«Республиканын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында, ошондой эле эле Чүй облусунда жазгы талаа жумуштары жакшы темпте жүрүүдө. 2020-жылдын жазгы айдап себүүсүнө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмү такталды. Быйылкы жылы бардык дан эгиндеринин себүү аянттары 631,9 миң гектарды түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 4,2 миң гектарга көп болот», - деген ал.

Ошондой эле Боронов Бишкек шаарынын түштүк-чыгышындагы Аламүдүн суу топтогучуна барып, сугат мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышкан.

«Былтыркы жылдан бери суунун көлөмү аз болушу байкалууда. Буга байланыштуу суунун жетишсиздигинин алдын алуу жана үнөмдүү пайдалануу максатында, бардык тийиштүү инфраструктураларды даярдоо иштери жүрүп жатат. Башкы суу алуучу cуу тосмолорду, суу сактагычтарды, насостук станцияларды, суу сарыктырма тармактарын жана башка суу курулуштарынын техникалык абалын өз убагында изилденип, сугат мезгилине даяр болот. Сууну максаттуу пайдалансак, быйылкы жылы дыйкандарды жетиштүү көлөмдөгү суу менен камсыздай алабыз», - деген ал.

Ошондой эле ал мамлекеттик ирригация тармактарын 2020-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн 205,3 млн сом каралып, 2020-жылдын 10-мартына карата 72,8 млн сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, ал коюлган 205,3 млн сомдук пландын 36 %ын түзгөнүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий