• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов үчүнчү Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Лондон (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) шаарында өткөн 3-чү Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кубатбек Боронов өз сөзүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана «Чаарат Голд Холдинг» компаниясына бул иш-чараны колдоолору үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал кыргыз-британ мамилелеринин динамикалуу өнүгүүсүн жогору баалап, ортодогу зор потенциалга өзгөчө көңүл бурдурду. Анын жыйынтыгы катары 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында Улуу Британиядан инвестициялардын түз келип түшүүлөрү 4,5 эсе (көлөмү 64,6 млн АКШ долларын түздү) көбөйгөн.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматташуунун мейкиндигин кеңейтүү жана бизнес байланыштарды активдештирүү үчүн биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү маанилүү деп эсептейт. Жыл сайын өтүүчү инвестициялык форум биздин өлкөлөрдүн бизнес түзүмдөрүнүн ортосунда узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара идеяларды жана максаттарды илгерилетүү үчүн кубаттуу өбөлгө катары кызмат өтөйт деп ишенем», – деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Кубатбек Боронов өлкөнүн инвестицилык дараметин тааныштырып жатып белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан республиканын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, жеке менчикти коргоо жана инвесторлор үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.

Биринчи вице-премьер-министр баса көрсөткөндөй, ишкерлердин жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоого багытталган, Улуу Британиянын жараны Робин Орд Смит мырза жетектеген Бизнес-акыйкатчы институтунун түзүлүшү ата мекендик бизнес үчүн орчундуу окуя болуп саналат.

Анын айтымында, бизнес климатты жакшыртуу, ишкерлик чөйрөсүн колдоо жана чет элдик түз инвестицияларды тартуу боюнча көрүлгөн чаралар алгачкы жыйынтыктарын бере баштады. Алсак, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча чет элдик түз инвестициялардын агымы дээрлик 40% көбөйүп, 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча 60%га өстү.

Мындан тышкары Кубатбек Боронов ишкерлик үчүн шарттарды жакшыртуу «Бизнес жүргүзүү» эл аралык рейтингине таасир бергенин канааттануу менен белгиледи. Быйыл өлкөбүз «Электр түйүндөрүнө кошулуу», «Салык төлөө» жана «Насыя алуу» боюнча көрсөткүчтөрүн жакшыртып, реформатор өлкөлөрдүн «Бизнес жүргүзүү-2020» ТОП-20 рейтингине кирди.

«Бул багыттагы иштер улантылат. Биз үчүн бүгүн туруктуулук (курчап турган чөйрөгө таасир берүү, технологияларды жана билим берүү, инновациялар жана социалдык таасир) принциптерине негизделген инвестициялар жана долбоорлор өзгөчө мааниге ээ. Туруктуу инвестициялар кыска мөөнөттүү финансылык пайдага караганда узак мөөнөттүү келечекте өлкө жана калк үчүн өтө баалуу», – деди ал.

Ушуну менен бирге кыргыз тарап республикага инвестиция салууга жана туризм, энергетика, өнөр жай, маалыматтык технологиялар сыяктуу инвестиция салууга артыкчылыктуу багыттарды карап чыгууга чакырды.

Иш-чарага туризм, кен иштетүү, консалтинг, инвестиция, экология жана башка тармактарда адистешкен 10дой кыргыз жана 40га жакын британ компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Форумдун катышуучуларына инвестициялык климатты жакшыртуу, жеке секторду жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүндүктөрүн өнүктүрүү үчүн Өкмөт тарабынан жүргүзүлгөн реформалар тууралуу маалымдалды.

Тараптар республикадагы инвестициялык ыңгайлуу шарттарды түзүү, ата мекендик экономикага британ инвестицияларын тартуу, кен иштетүү, маалыматтык технологиялар, банктык-финансылык сектор, туризм жана аймактарды өнүктүрүү тармагындагы долбоорлорго инвестиция салуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий