• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Боронов: Чет элдик инвесторлорду тартуу региондорду өнүктүрүү үчүн маанилүү

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.20./Кабар/. Региондорду өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлорду тартуу маанилүү ролду ойнойт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусундагы «Терек-Сай» кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушуна капсула салуу аземинде билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

«Региондорду өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын Президентинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Бул багыттагы кадамдардын бири катары аймактарга чет элдик инвесторлорду тартуу болуп саналат. Ал үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык зарыл шарттарды түзүүдө. Алсак, ченемдик-укуктук режим стабилизацияланган, салыктык жеңилдиктер түзүлгөн. Ошол эле учурда инвесторлорго карата шарттар коюлуп, алар аны аткарууда. Бүгүн биз алтын чыгаруучу фабриканын курулушуна капсула салуудабыз. Келечекте бул окуя Чаткал районунун гана эмес, бүт өлкөнүн өнүгүүсүнө таасирин тийгизет», - деди Кубатбек Боронов.

Экономикалык активдүүлүктү жандандыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвесторлорду көбүрөөк тартуу үстүндө иш алып барууда.

«Пандемия экономикалык абалга өз түзөтүүлөрүн киргизди. Бирок бул кыйынчылык учурда тоо-кен ишканалары өлкө өнүгүүсүнө өз салымын кошуу менен ишин улантып жатты. Алардын катарында «Эти Бакыр Терек-Сай» кыргыз-түрк ишканасы бар. Буга катар компания бардык экологиялык жана социалдык талаптарды тыкыр аткарат деп ишеним билдирем. Бул маселе тийиштүү мамлекеттик органдардын гана эмес, жергиликтүү тургундардын да көзөмөлүндө турат. Ошондуктан ар бир ишкана айылдык тургундар менен ачык диалог жүргүзүүсү керек. Өз кезегинде жергиликтүү калк ишкананын айылдын өнүгүүсүнө кошкон салымын реалдуу баалашы керек»,- деп белгиледи Өкмөт башчы.

Маалымдама: «Эти Бакыр Терексай» ЖЧК – биргелешкен ишкана. Капиталдын 25% - «Кыргызалтын» ААКга, 75% - «Эти Бакыр» түрк компаниясына тийиштүү.

Терек-Сай кени Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун «Терек-Сай» айылында жайгашкан.

Компания 2016-жылдан тарта 100 млн АКШ долларлык инвестиция тарткан. Буга катар социалдык-экономикалык колдоо жаатындагы келишимге ылайык, Терек-Сай айылына 50 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

«Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасында 646 адам иштейт, анын 90% - жергиликтүү тургундар.

Ишкананын кубаттуулугу жылына 1 млн тонна кенди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Учурда ишканада алтын чыгаручу фабриканын курулушу жана калдыктарды көмүүчү жайды курууга даярдыктар жүрүүдө. Фабрика иштеп баштаганда, мында алтын жана күмүштүн эритмеси өндүрүлөт. Аталган өндүрүштүн өзгөчөлүгү катары иштетилип жаткан кен мышьяк камтыгандыгы эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий