• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Боронов COVID-19 шарттарында бюджеттин пландуу көрсөткүчтөрүн аткаруу боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Премьер-министр Кубатбек Боронов бюджеттин пландуу көрсөткүчтөрүн аткаруу жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө багытталган иш-чараларды каржылоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Пандемия шарттарында биз көптөгөн кошумча чыгымдарды кыскартып, артыкчылыктуу гана милдеттерди каржылоону калтырууга аргасыз болдук. Пандемия бизден бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылды. Ошону менен бирге ички, ошондой эле тышкы дагы кошумча булактарды тартуу боюнча иштерди активдештирүү зарыл. Бардык каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу кажет», - деди премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү болжолу, экономикалык кырдаалдын божомолунун мүмкүн болгон сценарийи, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрү талкууланды.

«Республикалык бюджетке 2020-жылдын толук эмес июнь айы үчүн салык түрүндө 6 млрд 60 млн сом түшкөн, ал эми план 6 млрд 140 млн сом болгон. Ошентип июнь үчүн план 98% аткарылган. «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын жабылышы, албетте, бажы жыйымдарынын көлөмүнө таасирин тийгизди. Бирок бардыгы эле анчалык жаман эмес. Бажы кызматы планын 80% аткарды жана жыл аягына чейин болжолдуу көрсөткүчтөргө жетүүнү көздөп жатат. Жыл башында бекитилген планды ишке ашыруу эле эмес, аны ашыгы менен аткаруу маанилүү. Баса белгилей кетким келет, биздин башкы милдетибиз - жарандардын алдындагы бардык социалдык милдеттенмелерди толук көлөмдө жана өз убагында аткаруу болуп саналат. Бардык мамлекеттик социалдык милдеттенмелер өз убагында жана толук көлөмдө каржыланат», - деп жыйынтыктады премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий