• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Боронов Дача СУдагы кырсыктын 2 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов 2017-жылдын 16-январында Дача СУ айылында «Боинг-747» жүк учагынын кыйрашынан каза болгондордун эстелигине гүл коюу аземине катышты.

Учактын кыйрашынын 2 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Досалы Эсаналиев, каза тапкандардын жакындары жана коомчулук өкүлдөрү катышышты.

Иш-чарада маркумдарга куран окутулду.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын айылында «Боинг-747» жүк учагы кырсыкка учурап, анын кыйрашынын кесепетинен 39 адам набыт болгон, 4 экипаж мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жараны.

Пикир

Оставить комментарий