• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Боронов: Дарыгерлер ар бир бейтаптын өмүрүн сактап калууга бардык күч-аракетин жумшаарына ишенем

Өкмөт 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Дарыгерлер жана медайымдар ар бир бейтаптын өмүрүн сактап калууга бардык күч-аракетин жумшаарына ишенем. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын мүчөлөрүнүн көңүлүн бардык мамлекеттик органдардын ыкчам өз-ара аракеттешүүсү жана адам өмүрүн сактап калуу зарылдыгына бурду.

«Күн сайын Бишкек шаарында кошумча 100-200 жаңы койко-орундар ачылууда. Жакында ачылган күндүзгү стационарлар өзүнө иштин бир бөлүгүн алды. Бишкек шаарынын тургундары зарыл болгон алгачкы медициналык көмөктү ала алышты. Буга катар ар күн сайын катталып жаткан адам өлүмү кооптондурууда. Бардык күчтү адам өмүрлөрүн сактап калууга жумшоо керек. Оорусу күчөп кеткен бейтаптарды сактап калуу үчүн тажрыйбалуу дарыгерлерди тартуу менен аларга өзгөчө көңүл буруу керек», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Премьер-министр түзүлгөн кырдаалдын бир себеби катары медициналык персоналдын жетишсиздигин атады.

«Бишкек шаардык мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, медайымдарды жана башка персоналды эске албаганда, борбордо 1202 атайы билимдүү дарыгер бар. Учурда болжол менен 300 врач ооруп жатат. Калган дарыгерлер иште болуусу керек. Бирок иш жүзүндө медициналык мекемелерде врачтар жетишпей жатат. Бардык врачтарды жана медайымдарды ишке кошулууга чакырам. Жарандар сиздердин жардамыңыздарга муктаж болууда. Силерсиз биз пандемияны жеңип, адам өмүрүн сактап кала албайбыз. COVID-19 каршы күрөшүүгө татылган медициналык кызматкерлер үчүн айлык акыны кармоолор орун албайт. Ошондой эле алар үчүн кошумча акылар каралган», - деди Премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий