• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын жетекчилиги менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек,22.05.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 22-майда, «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуу учурунда тараптар 2018-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын алтын өндүрүүчү фабрикасынын аймагында болгон өрттөө окуяларын талкуулашты.Компаниянын жетекчилигинин маалыматы боюнча, болжолдуу зыяндын суммасы 2,3 млн АКШ доллары

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов окуяны тергөөнүн жыйынтыктарын күтүп, башаламандыктардын уюштуруучуларын аныктоо зарылдыгын баса көрсөттү.

«Жергиликтүү бийлик органдары жана укук коргоо органдары тоо кен иштетүү компаниялары менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы карама-каршылыктардын алдын алуу үчүн чараларды көрүү менен иштөөсү маанилүү», - деди ал.

Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чет элдик инвесторлорго жана тоо кен иштетүү тармагын өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

«Чет элдик инвесторлор менен натыйжалуу кызматташуу биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ. 11-апрелде болгон жагдайды тергөө маселеси менин жеке көзөмөлүмдө турат. Бул маселе боюнча бардык аракеттер тек гана мыйзамдын алкагында жүрүшү керектигин баса белгилейм», -дедивице-премьер-министрКубатбек Боронов.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынынөкүлдөрү мындан ары да Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартууга ниеттенишерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий