• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов эң эле коррупциялашкан мамлекеттик органдарга санариптештирүүнү киргизүү боюнча маалымат берди

Өкмөт 0

Бишкек, 17.09.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 17-сентябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында эң эле коррупциялашкан мамлекеттик органдарга санариптештирүүнү киргизүү боюнча маалымат берди, - деп кабарлайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Кубатбек Байболов маалымдагандай, алдыңкы планга коррупциянын жогорку деңгээли белгиленген мамлекетик органдарды, биринчи кезекте салык органдарын санариптештирүү боюнча иш-чаралар чыгарылууда.

Премьер-министр санариптештирүүнүн фискалдаштыруу, электрондук счет-фактура, электрондук маркирлөө, онлайн ККМ, салык төлөөчүнү аралыктан текшерүү сыяктуу компоненттерин киргизүү Мамлекеттик салык кызматынын ишине оң таасирин берип жатканын белгиледи.

Ошондой эле бажы органдарындагы коррупцияга, анын ичинде мамлекеттик чек арадан өтүүдө оор жүк ташуучу автоунааларды каттоону жашырууга каршы аракеттенүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Контрабанда менен күрөшүү үчүн өткөрүү пункттарында автомобиль транспорт каражаттарын автоматташтырылган салмак-көлөмдүк көзөмөлдөөнүн «Бетамонт» аттуу динамикалык системасы орнотулуп жатат.

Бирок, Кубатбек Боронов белгилегендей, каршы аракеттенүү фактылары катталууда, маселен, салмак-көлөмдүк системаны электр кубаты жоктугун шылтоолоп убактылуу токтотуп жатканы боюнча арыздар бар.

Өкмөт башчысы ошондой эле бажы чөйрөсүн санариптештирүү улантыларын жана бардык терс көрүнүштөр четтетилерин белгиледи.

Мамлекеттик каттоо кызматынын системасына жаңылык киргизилүүдө — автоКТБлар (калкты тейлоо борбору) жакында Бишкек шаарында жана бардык аймактарда ишке кирет.

Кубатбек Боронов автоКТБлар автотранспорт каражаттарын каттоодо ортомчулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө бөгөт коерун баса белгиледи.

Премьер-министр санариптештирүү коррупция менен күрөшүү туруктуу натыйжаларга алып келерин, бул багыттагы иштер Өкмөт тарабынан күчөтүлөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий