• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов эл аралык жана ички аба каттамдардын ачылышы боюнча пикирин айтты

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Эл аралык каттамдардын ачылышы бизден эле эмес, каттам жүргүзүлө турган өлкөлөрдөн дагы көз каранды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Маалымат жыйында аэропорттор, ички жана эл аралык каттамдар качан ачылат деген суроо берилди.

"Бул маселе жакында чечилет деп үмүттөнүүдөбүз. Өзүңүздөр билгендей, эл аралык каттамдардын ачылышы бизден эле эмес, каттам жүргүзүлө турган өлкөлөрдөн дагы көз каранды. Биздин коңшу мамлекеттерибизде дагы абал ушундай, айрым өлкөлөрдө мындан да начар. Ал эми ички каттамдар боюнча айтсак, жакынкы күндөрү аларды ачуу пландалган жок. Бул тууралуу айтуу азырынча эрте", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилген.

Ошол эле учурда Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылса, калган аймактарда өзгөчө абал тартиби алынууда.

Өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий