• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Боронов: Эл өзгөчө абал режиминдеги талаптарды сактоого тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында эл өзгөчө абал режиминдеги талаптарды сактоого тийиш экендигин баса белгиледи.

Анын айтуусуна караганда, талаптарды бузган жарандар административдик жана кылмыш жообуна тартыларын дагы унатпашы керек.

«Бул коменданттык сааттын эрежелерин бузуп, коомчулукка вирусту жугузуу тобокелчилигин жараткан үй карантининдегилерге өзгөчө тийиштүү. Бардык тармактык кызматтар жана жергиликтүү бийлик органдары коронавируска чалдыккан жарандар менен байланышта болгондорду аныктоо, аларды көзөмөлдөө боюнча иштерди күчөтүүсү зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

Жыйындын жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга финансы каражаттарын, жабдууларды, резервдерди эске алуу менен коронавирус боюнча абал начарлап кеткен шартка карата иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Жергиликтүү бийлик органдарына калктын социалдык жактан аярлуу катмарына, жакындарынын камкордугусуз калган карыларга даректүү жардам көрсөтүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди. Аларга ыктыярчыларды бекитип берүү керек.

Саламаттыкты сактоо министирлигине өлкөнүн райондорун жана облустарын зарыл дары-дармектер, өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздоо милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий