• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Эпидемиологиялык кырдаалдын кайрадан курчушуна жол бербөө керек

Өкмөт 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Эпидемиологиялык кырдаалдын кайрадан курчушуна жол бербөө керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

«Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, айрым өлкөлөрдө эпидемиологиялык кырдаал күнүгө өзгөрүүдө. Эгерде кечээ ооругандардын саны азайганы боюнча айтылса, бүгүн жуктургандар арбын болгону кабарланууда. Айрым мамлекеттер жарандарын сактап калуу үчүн кайрадан карантиндик чараларды киргизүүдө. Биз 2020-жылдын июль айындагыдай илдеттин туу чокусуна жеткен абалдын кайталанышын каалабайбыз. Бул үчүн барыбыз буга чейин бекитилген санитардык эрежелерди сактоого тийишпиз. Анын үстүнө күз айларында курч респиратордук вирустук жугуштуу оорулардын саны көбөйөрү айтылууда. Буга байланыштуу учурда бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдар күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин жүргүзүүдө», - деди Премьер-министр.

Кубатбек Боронов белгилегендей, баарынан биринчи аймактарды медициналык кадрлар менен камсыз кылуу зарыл.

«Өлкөдө 13,5 миң медицина кызматкери бар. Эгер илдеттин экинчи толкуну болсо алар жетишпей калышы мүмкүн. Кадрлар резервин түзүү, башка профилдеги дарыгерлер үчүн кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу, кайра даярдоодон өткөрүү маанилүү. Менчиктин түрүнө карабастан медициналык жардам көрсөтүү боюнча көндүмдөргө ээ болгондорго мүмкүнчүлүктөр берилет, баарына бирдей шарттар түзүлөт. Ошол эле учурда мамлекеттик ооруканаларды жана бейтапканаларды тартипке келтирүү боюнча иштер жүрүүдө. Мамлекет өз күчү менен 3 жаңы оорукана – Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында курууда. Мындан тышкары аймактарда бош турган имараттардын багыты өзгөртүлүп, ооруканага ыңгайлаштырылууда. Бул объекттердин бардыгы керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалат. Мурдагы Ганси авиабазасынын аймагындагы «Семетей» обсервациялык жайынын багыты өзгөртүлдү. Учурда ал жерде толук жабдылган 1300 орундуу жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасын түзгөнгө жетиштик. Анда 50 орундуу реанимация бөлүмү ачылды. Ошол эле территорияга лаборатория ачуу пландалды. Мындан тышкары тез жардам унаасын сатып алуу үчүн 145 млн сом бөлүндү», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр ошондой эле сезондуу курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоого каршы эмдөө иштери үчүн сентябрь айында вакциналар сатылып алынарын айтты. Мында калктын социалдык аярлуу катмары акысыз эмдөөдөн өтөт. Вакциналардын баасы элдин турмушуна ылайыктуу болорун жана эмдөө иштери ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий