• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов Борбордук Азиядагы уран калдыктары көйгөйүн чечүүдө эл аралык тилектештикке чакырды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.11.18. /Кабар/ Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын
катышуучу-өлкөлөрүнүн Үчүнчү Ассамблеясына жана Борбор Азиядагы айлана чөйрөнү калыбына келтирүү боюнча Фонддун донорлорунун конференциясына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өз сөзүндө Кубатбек Боронов Борбор Азиядагы уран калдыктары маселесин чечүүдө эл аралык тилектештикке, ошондой эле бул максаттарда түзүлгөн ЕРӨБ экологиялык реабилитациялоо боюнча Фондуна донордук жардам көрсөтүүгө чакырды. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов конференциянын
катышуучуларына радиоактивдүү калдык сактоочу жайлардын коопсуздугун камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Ал баса белгилегендей, ага байланыштуу калктын саламаттыгын камсыздоо, экологияны коргоо, аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү сыяктуу
маселелердин жалпы топтомун эске алуу менен макулдашылган мамиле зарыл.

«Кыргыз Республикасында Европа Комиссиясы жана КМШ сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда айлана чөйрөгө таасирди баалоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, финансы каражаттарын натыйжалуу топтоо үчүн - ЕРӨБ уран объекттерин экологиялык реабилитациялоо көп тараптуу Фонду түзүлгөн. Мындан тышкары МАГАТЭ менен тыгыз кызматташтыкта Стратегиялык мастер-план иштелип чыккан, ал Борбор Азиялагы уран калдыктарын сактоочу жайларды рекультивациялоого таасирдүү мамиле кылуу боюнча өз алдынча жол картасы болуп саналат», - деп билдирди ал.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасы тарабынан БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясын жаңылоо демилгеленген, ал өлкөлөрдүн жана эл аралык коомчулуктун толук түшүнүүсү ээ болгон. Маалымдама: Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы айлана чөйрөнү калыбына келтирүү боюнча Фонду 2015-жылдын майында ЕБ жана ЕРӨБ демилгеси менен түзүлгөн. ЕБ бул фондго 16.5 млн евро өлчөмүндө финансы каражатын салышкан.

Бүгүнкү күнү фонд жалпысынан 30 млн евро жыйнады, 85 млн евро чогултуу пландалууда. Бул каражаттарга Борбор Азиянын үч өлкөсүндө: Кыргыз Республикасында үч объектиде, Тажикстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасында экиден объектиде жети радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайды рекультивациялоо боюнча чаралар аткарылат. Көрсөтүлгөн Фонддун финансы каражаттарынын бөлүгү Кыргыз Республикасында жайгашкан Миң-Куш, Шекафтар жана Майлуу-Суу сыяктуу объекттердин экологиялык таасирин баалоо жана техникалык-экономикалык негиздөөсү боюнча иштерди аткаруунун алкагында өздөштүрүлгөн.

Анын ичинде 2015-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде Европа бирлиги тарабынан каржыланган «Миң-Куш жана Шекафтар айылдарында мурдагы уран өндүрүү объекттерин реабилитациялоо үчүн айлана чөйрөгө таасирин топтомдуу баалоо жана техникалык-экономикалык негиздөө» долбоору ишке ашырылган.

Белгилей кетсек, эки эл аралык иш-чара Лондон шаарында (Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландия) өткөн.

Пикир

Оставить комментарий