• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Боронов: Эртең-бүрсүгүнү Кыргызстанда 20 лаборатория иштеп баштайт

COVID - 19 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Эртең-бүрсүгүнү Кыргызстанда коронавирусту тез аныктай турган 20 лаборатория иштеп баштайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өлкө аймагында коронавирус пайда болгондон тартып 11 лаборатория өз ишин баштаган.

"Учурда алардын саны 16га жетти. Бүгүн дагы 2 лабораториялык комплект башка мамлекеттик органдардан алынып кошулду. Андан тышкары, сырттан да жардам катары 2 лабораториялык комплект келет. Ошентип баардыгы болуп эртең-бүрсүгүнү 20 лабораториялык комплект иштеп баштайт. Бул өз кезегинде ооруну тез аранын ичинде аныктоого жардам берет", - дейт ал.

Боронов кошумчалагандай, учурда өлкө боюнча 214 мобилдик топтор иштеп жатат.

"Мобилдик топтун курамында медиктер, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери бар. Алар үй карантининде же обсервацияда жаткандарды көзөмөлдөшөт. Андан тышкары, мобилдик топтор тарабынан оору чыккан очоктордо анализдерди жүргүзүү иштери уланууда. Бүгүнкү күндө 133 миң 174 үйдүн жашоочулары медициналык текшерүүдөн өткөрүлдү. Бул сандар эпидемиологиялык кырдаалга жараша өзгөрүп турат", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий