• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Боронов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда

ЕАЭБ 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтүп жаткан Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги (ЕӨАК) жыйынына катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйындын алдында тар чөйрөдө саламдашуу аземи жана делегация башчыларынын бирге сүрөткө түшүүсү болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташуусунун актуалдуу маселелери каралууда.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында тар жана кеңири курамда Евразия экономикалык бирлигинин катышуучу өлкөлөрү: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчылары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий