• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Фермерлерге берилген насыянын үстөгү 6% чейин азайтылып, төлөө мөөнөтү узартылды - Боронов

Коом 0

Бишкек, 06.03.19 /Кабар/. Айыл чарба тармагына берилген насыялардын үстөгү 6 пайызга чейин азайтылды, ал эми төлөө мөөнөтү узартылууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн дыйкандары менен фермерлерине 2014-жылдан бери 30,4 млрд сом өлчөмүндө жеӊилдетилген насыялар берилди. Жылдан-жылга алардын үстөк пайызы азайып, төлөө мөөнөтү узарып барат.

"Быйыл жазгы талаа жумуштары 10-15 күнгө эрте башталды, азыр өлкө аймагындагы айдоо аянты 1 млн 219 миӊ гектарды түзөт деп турабыз. Дыйкандар өтүмдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өткөндүктөн, буудай сындуу дан өсүмдүктөрүнүн аянты кыскарууда. Жылдан-жылга айыл чарба тармагына берилген жеӊилдетилген насыялардын үстөгү 6 пайызга чейин азайып, төлөө мөөнөтү узарууда", - деп, биринчи вице-премьер-министр көп жылдык мөмө бактарын өстүргөн багбандардын өтүнүчү менен алардын насыяны төлөө мөөнөтү мурдагы 3 жылдан 5 жылга чейин узартылганын кошумчалады.

Андан тышкары, өкмөт айыл чарба жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо максатында, дыйкандарды сапаттуу үрөн, арзан жер семиркич, күйүүчү жана майлоочу май, жеӊилдетилген насыялар менен камсыз кылуу чараларын көрүп жатканы белгилүү болду.

Экспортко чыгарыла турган 11 өнүмдүн өндүрүлүшүнө өзгөчө көӊүл бурумакчы. Андан тышкары, былтыркы жылдын түшүмүн сатып өткөрүү жаатында аракеттер жасалып, коӊшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулууда.

Жыйынга биринчи вице-премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий