• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: «Фермерлерге лизингге асыл тукум малдар бериле баштады»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Мурда лизингге айыл чарба техникалары эле берилип келсе, өткөн жылдан тарта фермерлерге асыл тукум малдар бериле баштады. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди, деп кабарлайт ЖК басма сөз кызматы.

“Быйыл өлкө аймагындагы жалпы айдоо аянттары 1,19 млн гектарды түзөт. Ушу тапта дыйкандарды сапаттуу үрөн, жер семирткич, күйүүчү май менен камсыз кылуу, айыл чарба техникаларын жаңыртуу, ирригациялык тутумдарды оңдоо чаралары көрүлүүдө. «Азыр «Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоору ишке киргизилип, дыйкандар 6 пайыздуу үстөгү менен жеңилдетилген насыяларды ала баштады. Быйыл 395 миң тонна семирткич керектеле турган болсо, азыр кампаларда анын 30 миң тоннасы бар. 40 тонна күйүүчү май керектеле турган болсо, анын 30 пайызы даяр. Жалпы үрөн даярдоого 64 млн сом каралган. Кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү 99 пайызга, беде үрөнү 94 пайызга дайындалды», - деди Кубатбек Боронов.

Мурда лизингге айыл чарба техникалары эле берилип келсе, өткөн жылдан тарта асыл тукум малдар бериле баштаганы белгилүү болду. «Мисалы, Чүй облусундагы «Чабрец» чарбасы Европадан асыл тукум уйларды алып келди. Ошондой эле, дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу чараларына да өзгөчө көңүл бурулууда. “Токтогул” суу сактагычында суу аз, калган суу сактагычтардын баары толтурулду. Ирригациялык каналдарды тазалоого 20 млн сом бөлүндү», - деп кошумчалады биринчи вице-премьер.

Пикир

Оставить комментарий