• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов «Германиянын жаратылышты коргоо бирикмесинин» жетекчилиги Лейф Миллер менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 09.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Германиянын жаратылышты коргоо бирикмесинин» (НАБУ) аткаруучу директору Лейф Миллер жана аталган бирикмени колдогон немис ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жогушуунун катышуучулары менен учурашып жатып, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов НАБУга жапайы жаныбарларды, анын ичинде ак илбирсти сактап калууга жасап жаткан колдоосу үчүн ыраазычылылык билдирди.

«Республиканын биотүрдүүлүгүн сактоодогу НАБУнун чоң салымын жана жигердүү эмгегин белгилеп кетким келет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү флора жана фауна, жергиликтүү коомдун социалдык абалын жакшыртуу, республиканын региондорундагы экономиканы өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда НАБУ жана Германиянын ишкерлери менен кызматташтыкты тереңдетүүгө жана бекемдөөгө кызыктар экенин билдирет», - деди ал.

«Германиянын жаратылышты коргоо бирикмесинин» аткаруучу директору Лейф Миллер Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоого багытталган мыйзамдарындагы жагымдуу тенденцияларды белгилеп кетти.

«Жаныбарлар дүйнөсүндөгү объектилерине келтирилген зыян үчүн доонун көлөмүн көтөрүү мыйзамдык деңгээлде чечилгени абдан маанилүү. Бизде сейрек кездешкен жаныбарларды мониторинг кылуу боюнча топ бар. Биз республикага сейрек кездешкен жаныбарлардын санын тактоо боюнча долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөткүбүз келет», -деп белгиледи Лейф Миллер.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аталган долбоор өлкө жана анын жашоочулары үчүн чоң мааниге ээ экендигин, кызматташуунун конструктивдүү тажрыйбасын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү диалогго жана мындан аркы ишке даяр экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий