• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Инфекциянын жайылуусуна жол бербөө үчүн ар ким белгиленген эрежелерди сактоого тийиш

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул туурлуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга онлайн режиминде КР өкмөтүнүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри катышкан.

Жыйын учурунда белгиленгендей, өкмөт коронавирустук инфекциянын жайылуусун алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен медицина кызматкерлери, ыкчам кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантышууда.

Жыйында тармактык министрликтердин жана ведомстволордун, облустук администрациялардын башчылары коронавирустун тарашына жол бербөө максатында тапшырмаларды аткаруу боюнча жасалган иштер жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат беришкен.

Боронов белгилегендей, өлкөдө карантин жарыяланып, адамдардын шаар, район жана өлкө боюнча жүрүүсүн чектөө үчүн өзгөчө кырдаал киргизилген. Себеби бул адамдардын байланыштарын кыскартууга, демек вирустун жайылышына жол бербөөгө шарт түзөт.

Биринчи вице-премьер-министр өзгөчө кырдаал кыймылга чектөө чараларын камтый турганын эскертип, коомчулук көрүлгөн убактылуу чараларга түшүнүү менен мамиле кылып жатышканын белгилеген.

«Өлкөнүн бардык облустарында санитардык-карантиндик посттор орнотулган. Алар адамдардын кыймылын көзөмөлдөөнү күчөтөт. Жарандар кырдаалдын олуттуулугун түшүнүү менен кабыл алуулары керек. Инфекциянын жайылуусуна жол бербөө үчүн ар бирибиз белгиленген эрежелерди сактап, сунуштарды карманууга тийишпиз. Өтө зарыл болбосо адамдар үйүнөн чыкпашы кажет», – деди биринчи вице-премьер-министр.

Ал коронавирустун алдын алуу чаралары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантууну тапшырып, бул үчүн бардык каражаттарды, анын ичинде уюлдук операторлор аркылуу sms-билдирүү жөнөтүүнү, маалыматтарды жайылтууну, радиорубрикаларды колдонууну, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкка маалымдоо үчүн өлкөнүн телеканалдардын эфирин камтуу мүмкүндүгүн пайдаланууну сунуштаган.

Жыйында айтылгандай, түзүлгөн кырдаал эске алынып учурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана социалдык жактан алсыз үй-бүлөлөрдү колдоо маселеси каралууда.

Мындан тышкары мекенине кайтып келе турган бардык мекендештерибизден санитардык-көзөмөл жайларынын кызматкерлери текшерүүгө мазок алышат.

Жыйында белгилегендей, үй карантини эрежелерин бузуп, тышка чыгууну чечкен жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат.

Жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү рейддерди өткөрүп, өкмөттүн маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана башка иш-чараларды өткөрүүгө коронавирус боюнча кырдаал жакшырганга чейин убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимин аткарууну көзөмөлдөп турушат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык органдарга бир катар тапшырмалар берилген, анын ичинде жергиликтүү бийлик органдарына коронавирус аныкталган жарандар менен байланышта болушу мүмкүн болгон бардык адамдарды кайрадан текшерүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий