• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов: Инвестициялык долбоорлор гранттык каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну талап кылат

Өкмөт 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кеңеш пландалган жана ишке ашырылуучу долбоорлор боюнча олуттуу чечимдерди кабыл алуу боюнча маанилүү дискуссиялык аянтча болуп саналат.

«Өнүктүрүү долбоорлоруна ички жана тышкы ресурстарды максималдуу түрдө натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгы жөнүндө белгилей кетким келет, буга байланыштуу коюлган милдеттерди сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилигин баса белгилейм. Үстүбүздөгү жылга министрликтердин жана ведомстволордун алдына коюлган милдеттер боюнча аларга жетишүүдө балансталган мамилени камсыздоо өтө маанилүү деп эсептейм, ал заманбап инфраструктура жана жумуш орундарын түзүү контекстинде калктын жашоосунун сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет», - деди Кубатбек Боронов.

Кеңешменин жүрүшүндө бир катар мамлекеттик инвестициялар долбоорунун ишке ашырылышына тийиштүү маселелер талкууланды. Тактап айтканда, айрым долбоорлор боюнча келишимдерге 2016-2017-жылдары кол коюлгандыгы, бирок каражаттарды өздөштүрүү баштала электиги белгиленди.

Премьер-министр ишке ашырылуусу кананааттандыраарлык эмес деп эсептелген айрым долбоорлорду белгиледи.

«Кредиттик жана гранттык каражаттарды максималдуу түрдө натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгы жөнүндө дагы бир жолу баса белгилейм, инвестициялык долбоорлорду белгиленген мөөнөттө ишке ашырууга жооптуу мамиле кылуу зарыл», - деп кошумчалады ал.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча бир катар долбоорлор жактырылды. Алардын катарында: 48,22 млн АКШ доллары суммасындагы, Евразия турукташытруу жана өнүктүрүү фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын айылдык калктуу пункттарындагы суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу» долбоору; Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылануучу 52,625 млн евро суммасындагы 32,2 км узундуктагы “Балыкчы-Каракол-Балыкчы айланма жолун реабилитациялоо” (Балбай Баатыр участогу – Каракол шаары) долбоору, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу жалпы суммасы 48,0 млн евро эсептелген «Кадам -Жай, Айдаркен, Таш-Көмүр, Шопоков, Көк-Жангак, Кемин, Кант, Талас шаарларында суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору бар.

Министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик органдарга бир катар долбоорлор боюнча маселелерди иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий