• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов: Ирригацияны өнүктүрүү – Өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыты

Өкмөт 0

Бишкек, 12.09.20. /Кабар/. Ирригация тармагын өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин артыкчылыктуу багыты. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Терек каналынын курулушу менен таанышкан учурда билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Суу ресурстары агентинин маалыматы боюнча, канал ишке берилсе Аксы райоунундагы Кашка-Суу, Жерге-Тал, Кош-Дөбө айылдарында жана Ренжит өрөөнүнүн башка тилкелеринде 7 миң гектарга жакын жерди сугарууга мүмкүндүк пайда болот, анын ичинде 4700 гектарында суунун муктаждыгы жоюлат.

Келечекте 2200 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.

Канал аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ. Курулуп бүткөн соң Беш-Батман каналынын уландысы болот. Бул калкты сугат суу менен камсыз кылууда келип чыккан маселелерди чечет.

«Ирригацияны өнүктүрүү – Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын сап башында турат. Кыргыз Республикасынын Президенти дагы бул маселеге өзгөчө көңүл бурууда. Анткени ирригация тармагындагы маселелерди чечүү аймактарды өнүктүрүүнүн негизин гана түзбөстөн, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну шарттайт» - деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле премьер- министр Кербен шаарын таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун жүзөгө ашырылышы боюнча маалыматтарды укту.

Кербен шаарынын ичүүчү суу системалары эскирип калгандыгына байланыштуу 2 суу топтоочу жай калыбына келтирилип, узундугу 66 чакырым келген суу түтүгү тартылды.

Мындан тышкары Кербен шаарына узундугу 10,2 чакырым болгон магистралдык суу түтүктөрүн орнотуу пландаштырылган.

Өкмөт башчы Аксы районунун борбору Кербен шаарында реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан жолдун абалы менен таанышты.

Учурда Кербен шаарынын Таш-Дөбө көчөсүн асфальт төшөө иштери жүрүүдө.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды өнүктүрүү боюнча демилгесине ылайык, райондордун борборлорунда жылына үч чакырымдан аз эмес ички жолдор республикалык бюджеттин эсебинен оңдолуп жатканын эске салып, жолдорду сапаттуу реконструкциялоо боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий