• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов: Ишкерлер посттордон өздөрүнүн жеке автоунаалары менен өтө алышпайт

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Жеке ишкерлер шаардагы посттордон өздөрүнүн автоунаалары менен өтө алышпайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Боронов, өзгөчө абал киргизилген аймакка азык-түлүк, дары-дармектерди ташыган унаалар тоскоолдуксуз киргизилерин, бирок ишкерлер өзүнүн жеке автоунаасы менен киргизилбей тургандыгын айтты.

"Шаарга азык-түлүк товарлары, медициналык препараттар жана коргоо каражаттары жүктөлгөн жүк ташуучу унаалар кире алат. Жеке ишкерлер өздөрүнүн автоунаалары менен өтө алышпайт. Өзүңүздөр билгендей, бир жүк ташуучу унаада үчтөн көп киши болбошу керек", - деди Боронов.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий