• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүн этап-этабы менен жандандыруу сунушун киргизди

Өкмөт 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр — Республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Боронов өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүн этап-этабы менен жандандыруу жөнүндө сунуш киргизди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

undefined

Белгиленгендей, өзгөчө абалдын шартында экономикалык субъекттердин ишин жандандыруу планында объекттердин конкреттүү тизмеси, алардын кызматкерлеринин саны, иш убактысы жана кызматкерлерди жумуш орундарына жеткирүү ыкмасы так, даана көрсөтүлүшү керек.

Эске сала кетсек, бүгүн, 28-апрель күнү, Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны өтүп, ага айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышты.

Жыйында өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралды. Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартыла тургандыгын айтты.

Мындай чечим биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл алынды.

Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда 2020-жылдын 10-май күнүн кошуп эсептегенде өзгөчө абалды узартуу максатка ылайык экендигин белгилешти.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Эске салсак, өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2020-жылдын 25-мартынан 15-апрелге чейин киргизилген.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 2020-жылдын 15-апрелинен тартып өзгөчө абал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий